Урматтуу студенттер!
Биз университеттин өз электрондук китепканасы ишке киргенин кубануу менен билдиребиз. Жаңы система аркылуу сиз китептерди онлайн окуй аласыз, окуу материалдарын жүктөп алып пайдалана аласыз, ошондой эле кызыктырган китептер боюнча суроо-талап жибере аласыз.
Эгер керектүү китеп электрондук китепканада жок болсо, сиз бизге суроо-талап жөнөтө аласыз жана биз аны мүмкүн болушунча система боюнча кошууга аракет кылабыз.
Сиздерге жагымдуу жана пайдалуу окуу каалайбыз!
Санариптик китепканага кирүү үчүн төмөнкү шилтемеге өтүңүз:
https://lib.iusmbishkek.edu.kg/